Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачылык-өндүрүштүк негизги максаты: кыргыздын улуттук ыр-күүсүн жана дүйнөлүк фольклордук, классикалык жана заманбап музыкалык чыгармаларды пропагандалап кеңири жайылтуу; жалпы элдик массаны дүйнөлүк жана улуттук музыка искусствосуна кызыктырып тартуу; калкка музыкалык искусство каражаттары аркылуу маданий, эстетикалык жана интернационалык тарбия берүү; улуттук искусствонун көп тармактуу формасын жана жанрларын өнүктүрүү менен бирге кеңири жайылтуу; таланттуу жаштардын чыгармачылык өсүп-өнүгүүсүнө жана идеяларын ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүп, колдоо; маданиятты өнүктүрүү боюнча эл аралык байланыш жана чыгармачылык тажрыйба алмашуу ишетирне катышуу болуп саналат.