in the future - u will be able to do some more stuff here,,,!! like pat catgirl- i mean um yeah... for now u can only see others's posts :c
Бишкекте турак-жайларга жылуулук норма боюнча берилет. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитеттен жылуулук мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градуска жеткенде аныктала турганын эскертти.
Объекттерге жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден, мурда пайдаланылган жылуулук энергиясы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишкана, мекемелерине жана объекттин кышкыга даярдыгы тууралуу актысы барларга берилет.
44 - 0
4-октябрда Казакстандын Талгарында 16 жаштагы өспүрүм резонанстуу каза болгон. Баланы бир банка сыра (пиво) үчүн сабашып, жаракат алган. Ал топ балдар атасына кол салып жатканда болушууга аракет кылган. Жаңжалдан кийин полиция жети адамды кармаган.12-октябрда өспүрүмдүн атасынын үйү өрттөнүп, Казакстандын Башкы прокуратурасы үй атайын өрттөлгөнүн билдирди. Маркумдун жакындары күнү-түнү кайтарууга алынып, Талгар көчөлөрүндө Улуттук гвардия күзөткө тура баштады. Жергиликтүү тургундар киши өлтүрүүгө жана үйдү өрттөөгө "кылмыштуу" топтун тиешеси бар деп эсептешет, бирок полиция ага макул эмес.
129 - 0
Бишкекте 23 жаштагы кыз үйдүн чатырынан секирип кетти.
Белгиленгендей, 9-сентябрда 102 кызматына Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кыз секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери 2001-жылы туулган Р.Д. окуя болгон жерден каза болгонун аныкташкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Бул факты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
74 - 0
Казакстандын Мангистау облусунун Бесшокы айылында окуучулардын массалык уулануусу боюнча иликтөө өкмөттүн көзөмөлүндө.
Бүгүнкү күндө 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, алардын 85и ооруканада. Бардык жабырлануучулардын абалы туруктуу жана жакшырууда.
Алдыда мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн бир айдын ичинде республиканын бардык мектеп ашканаларында санитардык талаптар көзөмөлгө алынат. Ал эми Бесшокыдагы мектеп боюнча иликтөө иштери жүрүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.
27 - 0
Бажы кызматынын мурунку жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык "Эрем" спорттук клубу Ош шаарынын мэриясына өткөрүлдү.
Буга ылайык, 29-август күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясында "Эрем" клубу мэриянын балансына өтө турганы боюнча токтом кабыл алынган. Эми "Эрем" клубун мындан ары муниципалитеттин спорттук комитети жетектемей болду.
216 - 0
Бишкек-Ош унаа жолундагы "Төө-Ашуу" жана "Ала-Бел" ашууларында туман каптап, жаан аралаш кар жаап жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен жааган кар жерге токтобой, ээрип жатканын белгилейт.
Маалым болгондой, "Өтмөк" ашуусунда да ушундай эле абал орун алууда. Ал эми өлкөнүн калган ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө киргизилген жок, каттам бар.
Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат деп кошумчалашты Транспорт министрлигинен.
97 - 0
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия адамдардын өздүгүн тактоого жол бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Учурдагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр коомдук талкууга жарыяланды.
Сиздин оюңуз кандай? Комментарийге бөлүшүңүз 👇
792 - 0
Жүз миңдеген израилдиктер ок атышпоо келишимин талап кылып көчөгө чыгышты жана Израилдин башкы профсоюзу иш таштоого чакырды. Израилде 700 миң киши барымтадагыларды кайтаруу үчүн ХАМАС менен тез арада кепке келүүнү талап кылышты.
Израил менен Хамастын ортосундагы элдешүү боюнча сүйлөшүүлөр бир нече айга созулуп жатат.
7-октябрдан бери Газа тилкесиндеги согушта израилдик аскерлер кеминде 40 738 кишини өлтүрүп, 94 154 кишини жарадар кылды.
346 - 0
Актриса жана фотомодель Рахат Божокоева үчүнчү наристесин жарыкка алып келди. Ал 27-августта кыз төрөдү.
Рахат Божокоева 2017-жылы турмушка чыккан. Жолдошу экөө бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.
131 - 15
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Кызыл-Бел тилексинде дарыяга автоунаа түшүп, 2 жаран дарыяга агып кеткен. ӨКМдан билдиргендей, окуя 17-августта болгон.
Жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана куткаруучулар тартылып, издөө иштерин башташкан. 13-күнү Беш-Арал коругунун Найза тилкесинен бир жарандын жансыз денесинин баш сөөктөрү табылган. Чаткал РИИБдин кызматкелери тарабынан каза болгон адам 1998-жылы туулган Р.А. аттуу Ноокат районунун тургуну экени аныкталып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
Учурда издөө иштери убактылуу токтотулду.
52 - 15
БИЗ МЕНЕН БИРГЕ КАБАРДАР БОЛУҢУЗ: Жаңылыктар: kaktus.kg . Биздин каналга катталгыла
Биз социалдык тармактарда
► Telegram: t.me/kaktus_mediakg
► Instagram(жаңылыктар орус тилинде): clck.ru/Shqw9
► Instagram(жаңылыктар кыргыз тилинде): clck.ru/Shrr3
► TikTok: clck.ru/ShrtZ
► Одноклассники: clck.ru/Shr2s
► Twitter: clck.ru/ShqzA
#Жаңылык#Кыргызстан
Кактус – Кыргызстан жана Бишкектин жаңылыктары
Кыргызстан жана Бишкекте болуп жаткан окуялар тууралуу тез жана текшерилген маалымат: саясат, экономика, кылмыш, шоубизнес.
kaktus.kg (kaktus.kg/)