Channel Avatar

“Ак ниет-Аманат” коомдук кайрымдуулук фонду. @UCMCU2IHInR0f4hublnNWsSw@youtube.com

240K subscribers - no pronouns :c

“Ак ниет-Аманат” коомдук фонду мекенибиздеги чыныгы муктажда


Welcoem to posts!!

in the future - u will be able to do some more stuff here,,,!! like pat catgirl- i mean um yeah... for now u can only see others's posts :c

“Ак ниет-Аманат” коомдук кайрымдуулук фонду.
Posted 3 months ago

Урматтуу Медиктер майрамыңыздар менен🌹🌹🌹🌹🌹
Сиздердин эмгегиңиздер өтө чоң, болуп болбогон бир айлыка эртеден кечке, жада калса түндөп калып Адам өмүрү менен күрөшүп келесиздер.
Кээ биринин жакшы сөзүн, кээ биринин орой катуу сөзүн жада калса тепкисин да, сөгүшүн да көрүп чыдап келесиздер.
Бул жумушка баары эле чыдай бербейт, Ошон үчүн Аллах сиздерге ушул кесипти берген.. Сиздер бар элдин ден-соолугу жакшы, жашоосу жакшы.. Сиздерге сөзсүз Аллах берет Урматтуу даарыгерлер.
Биз кемчиликтүү, алсыз пенделердин жакшы сөздөрүнө, жада калса көңүл жылытаарлык ыраазычылык рахмат сөздөрүнө ээ болбодум деп кап этпеңиздер.. Аллах ыраазы негизгисинен. Бар болуңуздар Биздин даарыгерлер, өзүңүздөр эч качан оорубаңыздар..

201 - 9

“Ак ниет-Аманат” коомдук кайрымдуулук фонду.
Posted 4 months ago

Ассалому алейкум урматтуу мекендештерим, жалпы момун мусулман бир туугандарым
Бүгүн жалпы дүйнө момун мусулман элинин майрамы болгон Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Курман айт бул элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, ыймандуулука жана сабырдуулука чакырган майрам!

Жараткан ар бирибиздин жасаган кайрымдуулук иштерибизди кабыл кылып, эсепсиз сообун берсин. Ар бирибизди алуучу эмес, берүүчү колдордон кылсын.

Бул күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө бакыт, ынтымак жана ырыскы алып келсин. Өлкөбүздө тынчтык биримдик жана бакубатчылык болсун.
КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

Урматым менен Медер Мусаевич.

162 - 7

“Ак ниет-Аманат” коомдук кайрымдуулук фонду.
Posted 5 months ago

Эхх аттиң өмүр. Жакшыларды эрте алып, же болбосо оору менен сынайт экен бул өмүр.
Сол жагымда бул Рустам Сагыналиев агабыз. Боор оорусуна кабылып, оор сыноодо жүрдү эле. Эх аттиң баары бар, донор чыкпай жүрүп калды.

Былтыры 2023-жылдын башында Индияга жакшы больница менен сүйлөшүп, апарып келдик эле. Кошо барган донору жээнинин боору түшпөй калып, кайра кайтып келди эле. Кайтып келгенде Бишкекте чогу чай ичип отуруп аябай ыраазычылык сөздөрүн айтты эле😥 Негизи Чыңгыз, Рустам агаларым аяш агаларым, жакын көрчүүмүн.

Тагдыр экен, Агамдын ден-соолугуна бизди Аллахым себепкер кыла албады.

Кече күнү Рустам агабыз менен 40 жашында кош айтыштык. Өтө жөнөкөй, кичи пейил инсан эле. Кош агам, Биз Кыргыз эли сизди сактап кала албадык, кечириңиз бизди😥😰
жаткан жериңиз жайлуу болсун агам. Жакындарына көңүл айтабыз.
40 жыл маанилүү жашадыңыз.
Тирүүбүздө кадырлашып, сыйлашып эле жашайлычыы туугандар, ансыз деле өмүр кыска экенго..

432 - 33

“Ак ниет-Аманат” коомдук кайрымдуулук фонду.
Posted 6 months ago

Жамгыр менен жер, бата менен эл көрөгөрөт деген эзелтен келген сөз бар Кыргызда.
Дайым Ата-Энесинин, бир туугандарынын дуасын алган, жакында эле апамы Дубайга апарып батасын алып ийгилике жетип отурган биздин акылдуу, сулуубуз..
Бүгүнкү күндө биздин үйдө жакшы кабар!. Карындашым Айдай Мусаевна татыктуу
8 жыл алган билиминин үзүрүн көрө баштады. Тагыраагы
"Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын" орун басары болуп дайындалды.
Ооба бир четинен кубаныч, бир четинен чоң жоопкерчилик. Анткени ошол ооруканын жетекчилигине жана, жалпы ак халатчан даараыгерле чоң жардамыңы, тактыгыңы, билимиңди жумшашың керек укам. Эң негизгиси бейтаптарга аярлуу мамиле жасашың керек.
Биз ишенебиз сен бул кызматты аткарасын, сага ишенип ушул кызматка койду.
Мындан да жогорулай бер укам, Главрачка, Министирлике чейин жет укам🤲 Өз күчү, аракети менен мектепти кызыл менен, Жогорку окуу жайды Кыргызский, Российский 2 диплом менен бүткөн Славянский университетинде.
Мына азыр эми мынтип облустук чоң больницанын орун басарлыгына жетип отурат..
Дагы да так, таза эл үчүн кызмат кыла берсең, Аллахым берет сага буйруса..
Азаматсыз Урматтуу Айдай Мусаевна😊 Куттуктайбыз, иштериңизде дайым ийгиликтер болуп, ден-соолукта жүрүңүз. Татыктуу кадрсыз, сыймыктанабыз✊
Татыктыктуу тарбия, татыктуу билим алган Чыныгы Ата-Эненин кызы болдуң..

325 - 23

“Ак ниет-Аманат” коомдук кайрымдуулук фонду.
Posted 6 months ago

Ма ша Аллах, ар бир колдоочуларыма, көрүүчүлөрүмө терең ыраазычылык билдиремин.
Болгону 232 000 колдоочуларыбыз менен ушунча иштерди жасадык ( 30 үй-бүлөгө Үй салып, 150 дөн бейтарды чет өлкөгө операцияга апарып келдик)
Эгерде башкалардай 500 миң, же милион катталуучу колдоочуларыбыз болсо, Өнүккөн Мамлекет, же өнүккөн шаар, же Заманбап Больницаларды курабызго Өлкөбүзгө Ин ша Аллах. Ошол күндөргө да жетебиз буйруса.
Андыктан 5 манжа бөлөк, тилек бир дейт. Биз бир болсок, тарыхта калчуу көптөгөн иштерди жасайбыз буйруса... Биз кылым каарыткан, Манастын айкөл, ынтымактуу урпактары экенибизди эстен чыгарбайлы✊ 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

199 - 6

“Ак ниет-Аманат” коомдук кайрымдуулук фонду.
Posted 6 months ago

Ассалому алейкум урматтуу эл жакшылары, жалпы момун мусулман бир туугандарым
Бүгүнкү Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайм..
Аллахым бир ай бою калыс ниет кылып кармаган орозоңуздарды кемчиликсиз кабыл кылган болсун. Эгерде кимдир бирөөңүздөрдү ашыкча сүйлөп, же адашып көңүлүңүздөрдү оорутуп алган болсом, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кечирим сурайм.
Урматым менен Медер Мусаевич.

180 - 5