Channel Avatar

Kloop кыргызча @UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A@youtube.com

59K subscribers - no pronouns :c

Кыргызстандагы жаңылыктарды так, бейтарап чагылдырабыз. Өлкө


Welcoem to posts!!

in the future - u will be able to do some more stuff here,,,!! like pat catgirl- i mean um yeah... for now u can only see others's posts :c

Kloop кыргызча
Posted 1 month ago

14-июлда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош облусунун, айрыкча Кара-Суу районунун тургундарына чоң зыян келтирди. Аталган райондо 700дөн ашык үй жабыркап, алардын ичинен ондогон үйлөр авариялык абалга келип, жашоого жараксыз болуп калды.

Баш калкалоочу жайсыз калгандар туугандарынын үйүндө же чатырларда күн көрүп жатышат. Алар суук түшкөнгө чейин үйгө кирип калабыз деп үмүт кылышат. Биздин фоторепортаж селден улам үйүнөн ажыраган тургундардын бүгүнкү күндөгү жашоосун чагылдырат.

31 - 5

Kloop кыргызча
Posted 2 months ago

Украина туткундагы кыргызстандык Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берди

Украина туткундарды айырбаштоонун алкагында орус армиясынын катарында согушуп, туткунга түшкөн кыргызстандык Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берди. Бул маалыматты "Украина – Центральная Азия” Телеграм-каналына туткундардын кайрылуулары боюнча иштеген "Жашагым келет" аталышындагы координациялык штабдагы булак тастыктаган.

Турсуновдун ысымы Орусиянын аскерлерин издөө жана үйүнө кайтаруу боюнча “Наш выход” коомдук кыймылы жарыялаган туткундан бошотулган аскерлердин тизмесинде да бар.

2 - 0

Kloop кыргызча
Posted 3 months ago

Жатка кетпесин. Өлкөдөгү ири долбоорлор кандайча президенттин айланасындагы адамдардын колуна тийген?

Кыргызстандан президенти Садыр Жапаров өзү башкарган өкмөттүн жетишкендиктерин даңазалоо үчүн бир катар дымактуу долбоорлорду баштаганы менен, мамлекеттин чыгымдарынын эсеп-кысабынын айкындуулугун кескин азайтып салды. Көшөгө артында бул долбоорлорду өлкө башчынын жакын адамдарына тийиштүү компаниялар ишке ашырууда.

Иликтөөнүн өзөгү:

🔎OCCRP, Temirov Live жана «Клооптун» журналисттери наркы 137 млн доллардан кем эмес, өкмөт демилгелеген кеминде 11 ири долбоорду аныкташты. Долбоорлорду Жапаров көзөмөлдөгөн орган — бийлик алмашкандан кийин олчойгон ыйгарым жана таасирге ээ болгон Президенттин иш башкармалыгы жетектейт.

💰 Алты долбоорду каржылоонун көлөмү 137 млн АКШ долларын түзгөн. Калган беш долбоорго канча каражат бөлүнгөнү белгисиз. .

🤝Журналисттер ушул долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компанияны дагы аныктап чыгышты. Бешөөнүн тең өз ара катыштыгы бар, жетекчилиги же менчик ээси Жапаров же Президенттик иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев менен байланышы бар.

🥷Маалымат булактары OCCRP’ге Туманбаев бул компанияларды жашыруун башкарарын билдиришти.

Толук материалга шилтеме: bit.ly/3ywX5bY

48 - 10

Kloop кыргызча
Posted 4 months ago

«Ала-Тоо 24» «Клооптун» Ататүрк паркындагы жер тилкелери боюнча иликтөөсүн баяндап берди

Иликтөөнүн өзү 2019-жылы эле чыккан. Анда иликтөөнүн авторлору 2000-2008-жылдары парктан жер алган алдамдар тууралуу айтып беришкен. Телеканалдын журналисттери өлкөдө азыр 2023-жылдын сентябрынан бери бийликтин талабы менен бөгөттө турган «Клооптун» сайтынан скриншотторду алып колдонушкан.

Ошол эле учурда телеканалдын видеосунда «Клооп» жана OCCRP’нин материалына шилтеме берилген эмес, бул тууралуу болгону телеканалдын YouTube’дагы видесунун баяндамысында эле кыскача жазылган.

Мамтелеканал иликтөөгө мэр Айбек Жунушалиев парктын аймагын баштапкы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгондон кийин араң көңүл буруп жатат, башкача айтканда, иликтөө чыккандан кийин беш жыл өткөн соң. Бийлик паркка 43 гектар жерди кайтарып бергиси келүүдө, ал эми андагы мыйзамсыз объектилердин баарын сүрдүрүүнү убада кылууда.

87 - 24

Kloop кыргызча
Posted 5 months ago

Жогорку сот рейдерлер басып алган «Уу-таш» көмүр кенине лицензияны маркум ишкердин үй-бүлөсү менен өнөктөштөрүнө кайтарып берүүдөн баш тартты. Баш тартууга арыз менен сотко компаниянын негиздөөчүсү өзү эмес, өнөктөштөрүнүн бири кайрылганы себеп болгон. Ал эми компаниянын негиздөөчүсү 2019-жылы, сот териштирүүлөрү башталганга чейин эле көзү өтүп кеткен.

Бар мүлкүн сатып, Баткендин Кадамжай районунда «Уу-Таш» көмүр кенин иштете баштаган ишкер Шабданбек Алимбаевдин окуясын «Клооп» бир жыл мурда кеңири айтып берген. Ош шаардык Кайгуул милициясынын башчысы Болот Нурматов башында турган баскынчы чиновниктер бизнесмендин күтүүсүз ооруп, андан соң дүйнөдөн өтүп кеткенинен пайдаланып, алдамчылык жол менен көмүр кенин тартып алып, анын лицензиясын «Ысман-Тоо» компаниясына өткөрүп берип салышкан.

Маркум Шабданбек Алимбаевдин үй-бүлөсү жана анын өнөктөштөрү рейдерлер менен соттошо башташкан. Болот Нурматовдун шериктери соттон утула баштаганда кайгуул кызматынын башчысы компанияны 520 миң долларга алда канча таасирдүү кишиге — Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна сатып салган.

Депутат «Ысман-Тоо» компаниясын сатып алганын танган, бирок «Клооп» өз иликтөөсүндө анын бул компания менен байланышын тапкан. Кендин негиздөөчүсүнүн жакындарынын жана өнөктөшүнүн айтымында, Коргонбай уулу аны парламенттеги кесиптеши, УКМКнын башчысынын иниси Шайырбек Ташиев менен бирге иштетип жатат.

Маркум Шабданбек Алимбаевдин үй-бүлөсү жана өнөктөшү рейдерлер менен 2020-жылдан тартып эле соттошо баштаган. Ушул төрт жыл ичинде алар кендин лицензиясы мыйзамсыз өтүп кеткенин далидешип, ал эми баскынчы милиционер Болот Нурматовдун шериктери соттолгон. Бирок 2023-жылдын декабрында Жогорку сот «Уу-Таш» кенинин лицензиясы «Ысман-Тоо» компаниясына мыйзамсыз берилип кеткенин таануудан баш тарткан. Судья арызды Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин компаниянын жетекчиси болуп турган маркум ишкер өзү эмес, анын өнөктөшү берген деген жүйөгө таянып жатат. Ошентип Жогорку сот «Уу-Таш» карьерин негиздөө үчүн болгон мүлкүн сатып, акча-каражатын жумшаган маркум ишкердин аялын, артында калган үй кичинекей баласын куржалак калтырды.

6 - 2

Kloop кыргызча
Posted 6 months ago

Он бир журналист темир тор артында: Кыргызстан репрессиянын жаңы дооруна бет алды

16-январда Айке 23кө толду. Айке ал күнү туулган күнүнүн урматына торт сатып алып, кесиптештери менен белгилейбиз деп пландаган. Бирок план ишке ашпай калган. Ошон күнү таң эрте Бейшекееваны ата-энесинин үйүнөн кармап кетишкен. Ага «жапырт башаламандыкка чакырык жасады» деген айып тагылган.

Айке Temirov Live иликтөөчүлүк долбоору боюнча мурдагы жана азыркы 10 кесиптешиндей эле темир торго түштү.

Ушул жөнүндө жана Темировдун журналисттери камакка алынгандан кийин бир учурда аймактагы эң эркин деп саналган Кыргызстанды кантип коркунуч каптаганын OCCRP’деги кесиптештер айтып берет.

bit.ly/3TuD5i9

66 - 50

Kloop кыргызча
Posted 6 months ago

Аймактарда жарык өчүрүлүп, ошол эле учурда өлкөдө майнингден түшкөн киреше өсүп, ал эми өкмөт электроэнергия боюнча статистиканы жашырып жатат — мунун баары эмнени билдирет? Бул деген, мамлекеттик электр энергияны жогорку мансаптагы аткаминерлер менен байланышкан майнинг фермалар мыйзамсыз жегенди улантып жатканын билдирет. Бул кан ичкичтердин кекиртеги энергетиканын мүмкүнчүлүктөрүнө карагандан да тез кеңейип жатат. Бийлик алардын изин кантип тазалап атканын айтып беребиз.

bit.ly/3V9LpFC

47 - 10

Kloop кыргызча
Posted 8 months ago

Орусиянын басымына карабай, ага көп жагынан көз каранды болсо дагы, узап бараткан жылы кыргыз бийлиги мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Эми мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, мугалимдер жана медицина кызматкерлери кыргыз тилин билүүгө тийиш. Болбосо жумушунан кол жуушу мүмкүн.


Көз карандысыздык алган жылдар аралыгында, бийлик эски адатына салып калкына көбүнчө расмий тилде — орус тилинде кайрылып турган. Эми орусча сүйлөгөндөр Кыргызстанда барган сайын азайып баратат. Орусташуу бара-бара арткы планга жылганына көп себептер бар, анын ичине Москванын таасири азайып баратканы да бар.


Толук макаланы бул шилтемеден өтүп, окуңуз:
👉 bit.ly/3TAURAU

45 - 18

Kloop кыргызча
Posted 10 months ago

2-ноябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «мафия» деп атап, ал эми анын мүлкүн — мыйзамсыз табылган деп билдирди.

Бирок мындан төрт жыл мурда Ташиев Матраимов жөнүндө таптакыр башкача оюн айтканы бар. Ал убакта, УКМКнын башчысынын айтымында, Матраимов «ийкемдүү катардагы жигит» болгон.

Ташиевдин бүгүнкү оюна эмне таасир этти?

179 - 119

Kloop кыргызча
Posted 10 months ago

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча депутаттардын демилгесин колдоп чыкты. Ошондой эле ал өзүнүн вариантын да сунуштады.

Биз каналыбызга жазылган колдонуучулардын арасында сурамжылоо өткөрүп, кайсы вариант силерге көбүрөөк жагарын билели дедик.

128 - 179